Кулчулук курмандыктары үчүн баш калкалоочу жай курулат

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда кулчулукка кабылгандар баш калкалай турган жай курулат.

Өкмөттүн токтому менен бекитилген планды уюштуруу иши башталды. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

«Ал кимдин базасында болот, ИИМдинби же биздинби, балким жаңы түзүлөбү, ошол маселелерди карап жатабыз».деди ал.

Маалыматка караганда, мындай жай өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө курулушу мүмкүн. Учурда аны каржылоо, донор уюмдарды катыштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат.

Кыргызстанда 2018-жылы “киши сатуу” беренеси боюнча сегиз кылмыш иши козголсо, быйыл жыл башынан бери төрт иш козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты