Украина: Зеленский парламентти таратуу чечимин кабыл алды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-майда, Украинанын Президенти Владимир Зеленский ант берип, кызматына расмий киришти.

Владимир Зеленский инаугурациясына жөө келип, Украина элинин алдында ант берди. Андан кийин Конституциялык соттун башчысы аны Президент катары жарыя кылды.

Президент Зеленский өлкөнүн парламентин — Жогорку Радасын таратуу чечимин кабыл алды.

Өлкөнүн жаңы лидери парламентарийлерди депутатттык кол тийбестикти алып салуу, мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш жоопкерчилигин кабыл алууга, ошондой эле шайлоо кодексин кабыл алууга чакырды.

21-апрелдеги шайлоодо Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты