Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова калп айтты. Иманкадыр Рысалиев 950 евро айлык алчу

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасына «Ачык өкмөт» форумунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев 5000 евро айлык алабы деген суроо калтырган.

Буга Иманкадыр Рысалиев «Айлыгым 5000 евро эмес, 950 евро болчу» деп «ПолитКлиника» медиасына жооп берди.

—Мен ал жакта алты ай иштедим. ЕККУ менен түзгөн келишимге ылайык, 950 евро айлык алчумун. Бул жакшы долбоор болгондуктан акыркы окуяларга байланыштуу кызматтан кетүүнү чечтим,- деп билдирди Рысалиев.

Ал эми буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Иманкадыр Рысалиев алты ай айлык албай иштегенин билдирген.

Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы болуп,«КТ Мобайл» ишине кийлигишкен, уулу Эрназар «КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясына директордун орун басары болгондугу, мамлекеттик ишке кийлигишкени үчүн ж.б. иштер боюнча сынга алынгандан кийин кызматынан кетүү арызын жазган.

Депутат Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» компаниысынын тегерегиндеги чууга байланыштуу Иманкадыр Рысалиевге кылмыш иши козголушу керектигин билдирген.

«Ачык өкмөт» долбооруна Рысалиевдин ордуна талапкер тандалып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты