​Табылды Оторбаев кайтыш болду

  • 5 лет мурун

(Некролог)

Кыргызстандын педагогика тармагы орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 18-майында көп жылдар өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жумшаган кадырлуу педагог, Эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду. (Сүрөттө:солдо).

Табылды Оторбаев 1944-жылы 18-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Атасы Абдырашит II Дүйнөлүк согушка аттанып, окко учкандан кийин Табылды Оторбаев таякелеринин колунда өскөн.

Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги Кызыл көпүрөгө жакын жердеги ДЭУдагы интернатта, андан соӊ Нарын шаарындагы жатак мектепте билим алган.

Жогорку окуу жайдагы билимин азыркы Каракол, мурдагы Пржевальский педогогикалык институтунда физика факультетинде окуу менен баштаган.

Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, аталган жогорку окуу жайда окуусун улантып, аны ийгиликтүү аяктаган.

Табылды Оторбаев эмгек жолун 1970-жылы Ат-Башы районундагы Пограничник орто мектебинде баштап, өмүр бою ошол жерде физика, астрономия, трактор жана механика сабактарынан жаш муундарды, окутуу менен өткөргөн.

Табылды Оторбаев — Кыргызстандын билим берүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Ал физика, астрономия , трактор жана механика кабинеттерин өз колу менен, чебер сүрөтчүлүк, кылдаттык, тереӊ усулдук талант менен жасалгалап чыккан педагогдордун бири.

Анын эмгектери район, облус, борбордон келгендерди таӊ калтырып, суктандырып турганы менен даӊазалуу. Өзгөчө Табылды Оторбаевдин астрономия кабинети Советтер Союзу маалында жогорку баага татып, ага «Эл агартуунун отличниги» наамы ыйгарылган.

Кабинеттин төбөсүнө Күн системасынын Галактикасы тартылганы менен ал кабинет Кыргызстандын Ишенбай Абдуразаков, Майрам Акаева, Мукаш Базаркулов сыяктуу атактуу окумуштууларына жагып, «уникалдуу, керемет» деген баасын алган болчу.

Анын жазган илимий макалалары Советтер Союзунун гезит-журналдарына, «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз туусу») , «Мугалимдер газетасы» («Кутбилим») гезитерине, «Эл агартуу» журналы жана башка бир катар басылмаларга жарыяланган.

Табылды Оторбаев далай жаш муундарга өзүнүн тереӊ билимин, таалим-тарбиясын берген сый-урматтагы мугалим-педагог болду. Ал тарбиялап өстүргөн балдардын көбү илимдин доктору, илимдин кандидаты наамдарына татып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келатышат. Аны «агай» деп сыйлап келишкен, мындан кийин да сактала бермекчи деп ишенебиз.

Табылды Оторбаевдин жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат.

Биз, маркумдун үй-бүлөсүнө, уулу коомдук ишмер, журналист Кубат Оторбаевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жараткан Табылды атанын жанын жаннатка алып, бейиш бакчаларынан орун берсин.

Д. Жумабеков, А. Салымбеков, Н. Касиев, Б. Жусубалиев, Ш. Садыбакасова, М. Турганбаев, Ш. Э. Өмүракунов,А. Мусаев, Т. Жапаров, А. Жайлообаев, Ш. Абдыкеримов, Ч.Турсунбеков, Т. Сариев, И.Өмүркулов, А. Кайыпов, Ж. Субакожоев, А. Баатырбеков, К. Исаев, , А. Турсунбаев, К. Нурматов, Айдаров, А. Назаров, Т.Масабиров, Н. Алимбеков, Алыбаев, А. Эргешов, Т. Конушбаев, Д. Толонов, Р. Чойбеков, А.Токторов, Ж. Исаев, У. Самаев, Н. Мусаев K. Муратбеков, Ч. Султанбекова, М. Матазимов, А. Кожошев, Ж. Жунушев, Ж. Мусабекова, Р. Момбеков, Ж. Акаев, А. Касмалиева, А Жунус уулу, А. Шыкмаматов, К. Иманалиев, С Шер, Э. Токтошев, Б. Райымкулов, Т. Мамытов,Ж. Үсөнов, Б. Түлөбаев, Ч. Орозобекова, А. Сакыбаева, Ж. Эдигеев, О Шакир, Э. Кыязов, А. Кыязов,Т Чоротегин, К. Молдокасымов, В. Жуматаева,И Нуракун уулу, Т. Стамалиева, Ч Эсенгулов, И. Карыпбеков, А. Касымалиева, Ж. Алиев, Т. Алтымышев, С. Талас уулу, “ПолитКлиника” медиасынын жамааты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты