​«Ынтымактуу конуштар Лигасы» спартакиадасы жабылды

20-апрелден 20-майга чейин «Ынтымактуу конуштар» лигасынын спорттук иш-чаралары Бишкектин 10 жаңы конушунда болуп өттү.

Анда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, ошондой эле Жаңы конуштарда социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча долбоордун негизинде Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунда спорттук иш-чараларды, мелдештерди өткөрдү.

Бишкектени Ак-Ордо, Рухий Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс — Ордо, Мурас — Ордо жана башка конуштарда мини-футбол, волейбол, аркан тартмай ж.б. оюндар боюнча мелдештер өттү.

Спартакиада расмий жабылып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.

Бул спорттук иш-чаралар калкты дене-тарбия жана спорт менен машыгууга, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга, ынтымак- ырашкерликке чакырып, элдин маанайын көтөрдү.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү автордуку

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты