Музейдеги түн. Фоторепортаж

Кыргызстанда “Музейдеги түн” аттуу акция 17-майда өттү. Бишкек шаарынын музейлери кечээ саат 22:00 гө чейин иштеди.

Биздин кабарчыбыз Чуйков атындагы көркөм сүрөт музейинде, Чокморов атындагы музейде, Ольга Мануйлова атындагы музейде болуп, андагы кызыктуу иш-чараны көрдү. Төмөндө андагы сүрөт баянды сунуш кылабыз.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде

«Кѳчмѳндѳр тамы» деп аталган сүрѳт тартуучу жайга бардык каалоочулар сүрѳт тартты.

Балдар бөлмөсүнө кирген жеткинчектер китеп окуп же кызыктуу
жомок угуп кетишти.

Манасчылар манас айтышты. Муса уулу Тѳлѳгѳн манас
айтып жаткан кези.


Скульпторлор каалоочулардын баш түзүлүшүн жасап, таң калтырып аткан учур.

Кыздарга гүл жасаганды үйрөтүштү

Баарыбыз эле бул сүрѳттү С.А.Чуйков тартканын билебиз, бирок ал калем же боёк менен тарткан эмес. Кѳрсѳ аны кадимки кѳмүр менен тарткан экен.

Ольга.Мануилова атындагы мемориалдык музейинде

Студенттер О.Мануйлованын авто биографиялык кыска метраждуу тасмасын кѳрүүдѳ.

Музейдин ичиндеги экспонаттар тууралуу кызыктуу баяндар айтылып, көрүучүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Музейдеги түн. Фоторепортаж

Күүнүн көркүн ачкан комуз.

Сүрөтчүнүн колунан жаралган кереметтер.

Байыркы жашоонун калдыктары.

Ошентип «Музей түнү» көрүүчүлөрдү кызыктырып, таң калтырып, узап кетти.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты