Бишкекте бизнес-форум өттү

  • 5 лет мурун

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын саммити алдында Бишкекте кечээ, 17-майда, «ШКУ: Кызматташтык чегин кеңейтүү» аттуу бизнес-форуму өттү.

Анын максаты кызматташууну бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү издөө, учурдагы жана келечектеги маселелерди талкуулоо.

Форумда Бишкекте өтүүчү ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу алдында сунуштарды иштеп чыгуу маселеси да коюлду.

Ага бизнес-коомчулук өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчылары, экономика жана инвестиция тармагындагы көрүнүктүү эксперттер, жалпысынан 300 дөн ашуун өкүл катышты.

Бизнес-форумдун ачылышында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы алкагында бул форумду өткөрүүнү демилгелеген.

Бизнес-форумдун алкагында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюлду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты