​Сооронбай Жээнбеков: “Кызыл-Омполдогу окуя саясатташып кетти”

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда Кызыл Омполдогу уран казуу маселеси жөн жерден саясатташып кеткенин билдирди.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик” деп айтты.

Мамлекет башчы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты