​6 миңден ашуун бала мектепке онлайн режимде кабыл алынды

  • 5 лет мурун

14-майга карата мектепке электрондук каттоо боюнча 8465 өтүнүч катталды, анын ичинен 6 миңден ашуун бала кабыл алынды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

16-майга чейин кичи аймактар боюнча 1-класска электрондук арыз кабыл алынды.16-майдан 15-августка чейин кичи аймактардан тышкары электрондук арыз кабыл алынат.

Мектепке 1-класска электрондук каттоо системасы 15-февралда киргизилген.

Министрликтин басма сөз кызматы каттоо статистикасы менен mektep.edu.gov.kg сайтында онлайн режиминде таанышууга болорун билдирди.

Ошондой эле бардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты