​Ысык-Көлдө сүт өндүрүү чарбалары кандай иштеп жатат?

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүт сектору боюнча Дуйнөлүк банк долбоору Ысык-Көл облусунда 2018-жылдан бери иштеп жатат. Анын максаты — сүттүү уйлардын азыктуулугун жана сүттүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Долбоордун биринчи бөлүгүндө- сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматты күчөтүүгө бардыгы болуп 1,140 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Экинчи бөлүгүндө (1,140 миң АКШ доллары) сүт багытындагы уйлары бар 6 000 фермер окутуудан өткөрүлөт.

Үчүнчүсүндө (2,120 млн АКШ доллары) дыйкандарга жана сүт алуучуларга бодо мал, материал, чакан жабдууларды сатып алууга насыя берилет.

Президент ушул сыяктуу долбоорлор ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле мал чарбасындагы жаңы технологияны үйрөтүп, өнүгүүгө чоң салым кошорун билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты