Өрттөн кийин: Коопсуздук мүчүлүштүктөрү

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абаддагы нефть заводунан чыккан өрттөгү мүчүлүштүктөрдү белгиледи.

10-майда саат 09.59 да Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө шаардагы Индустриальный көчөсүндө жайгашкан “КУА ЖНПЗ” (Кыргыз-Өзбек-Азербайжан) жоопкерчилиги чектелген коомуна нефтини кайра иштетүүчү заводдо өрт кырсыгы чыккандыгы туурасында кабар келип түшкөн.

Өрттөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай мүчүлүштүктөрдү аныктады:

1. Завод аймагында өрткө каршы 4 гидрант орнотулуп, өрт учурунда 2 гидранттан гана суу алуу иштери жүргүзүлдү. Бирок насостор тиешелүү басымды толук көлөмдө камсыз кыла алган жок.
2. Нефть иштетүүчү заводдо АЦ-30 53А өрт өчүрүүчү автоунаа болгону менен ал бузук, тиешелүү деңгээлде камсыздалган эмес жана кароосуз калган.

Мындан тышкары өртко каршы техникалык шаймандар (өрт тактасы, автоматикалык өрттү өчүрүү системасы, өрт өчүрүүчү каражат ж.б.) менен камсыз болгон эмес.

3. Өрт өчүрүү учурунда заводдо көбүртүүчү заттын запасы болгон эмес. Заводдо запаста эки эселик көбүртүүчү зат, тактап айтканда 9 тонна көбүртүүчү зат болушу керек эле.

4. Резервуарлар тегерегинде жер тосмолору болушу зарыл. Бул жер тосмолор резервуарлардын ичиндеги күйүүчү-майлоочу каражаттын жакын жайгашкан участокторго жайылып кетүүсүнөн коргойт.

5. Жогоруда көрсөтүлгөн өрт коопсуздук талаптары убагында аткарылган болсо, өрттү башталганда эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, өрт кыска мөөнөттө өчүрүлмөк жана көлөмү аз болмок.

6. Өрттү өчүрүүгө 14 саат талап кылынган. Өрттү өчүрүү иштерине тартылган өрт өчүрүүчүлөргө, мунайды кайра иштетүүчү заводго жакын жайгашкан тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

7. Өрт болгон жерге жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром участкасынын Индустриальный көчөсүндөгү жайгашкан 600 үйдөн 2000 кишини коопсуз жайларга көчүрүү иш чарасы областтык, шаардык көчүрүү комиссиялары тарабынан шаардагы Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнүн 60 аскер кызматкери менен биргеликте жүргүзүлдү.

8. Өрттү өчүрүүө 4 өрт өчүрүү участогу аныкталып, ал жакка өздүк курам, техникалар, жетекчилер бөлүндү. Өрттүн очогуна көбүк берилип, ал эми жакын жайгашкан резевуарларга көбүк аралашкан суу менен муздатылып, өрттүн таркап кетишине жол бербөө аракеттери көрүлгөн.

Өрт кырсыгы кечки саат 17.25 те курчоого алынган, 11-майына өткөн түнү саат 00.17де өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоосу КР ӨКМинин өрттү сыноо лабораториясынын эксперттери иш алып барууда. Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар азыркы учурда такталууда.

9. “Өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү” боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 10-майында буйугу чыгып, “Өзгөчө кырдаал тартиби” 11-май күнү алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты