​Текебаевдин адвокаттары Атамбаев койгон доодон кутулушту

  • 5 лет мурун

Өмүрбек Текебаевдин мурдагы адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азиз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деген доодон арылышты.

Канат Азиздин айтымында, Жогорку сот Бишкек щаардык соттун чечимин күчүндө калтырган чечим чыгарды.

Буга чейин Баш прокуратура ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган.

Октябрь райондук соту Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизди 10 млн сом доого жыккан.

Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган чечим кабыл алган. Эми Жогорку сот Бишкек шаардык соттун ал чечимин күчүндө калтырды.

Токтакунова менен Канат Азиз 2017-жылы март айында басма сөз жыйынында Дача СУда кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге таандык деп айтканы үчүн доого жыгылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты