​Кытайда жаза өтөп жаткан эки кыргызстандык Мекенине алынып келди

  • 5 лет мурун

Үрүмчү шаарында жазасын өтөп жаткан эки кыргызстандык жаран 14-майда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 15-майда, билдирди.

Эми аталган жарандар жазасын өз жеринде өтөшөт.

Чет өлкөдө эркинен ажыратылгандардын укугун коргоо иши КР ТИМ, Баш прокуратура жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты