​ЖЭБ боюнча сот болуп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ЖЭБ модернизациясы боюнча кезектеги сот отуруму өтүп жатат.

Сот отурумна ЖМКны киргизди, бирок видеокамера алып кирүүгө уруксат берилген жок.

Соттолуучулардын үчтөн гана туугандары кирди.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков бул мыйзам бузуу экенин билдирди.

“Сот процессинде эмне болуп жатканын жаап-жашыргысы келип жатышат. Күнөөсүз адамдарга айып тагыш үчүн камерага да тарттырышкан жок” деди ал.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупция айыбы менен сегиз адамга кылмыш иши ачылган.

Анда экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Экс-премьер Сапар Исаков бул ишти саясий куугунтук деп эсептөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты