УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкасы кабыл алынды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотту.

Бул тууралуу жарлыкка бүгүн, 15-майда, кол коюлду.

Идрис Кадыркулов отставкага кетүү боюнча арыз жазганын УКМК басма сөз кызматы билдирген.

Анда Кадыркуловдун кетиши коомчулуктагы паспорт чыры боюнча талкуу, Идрис Кадыркуловдун катыштыгы тууралуу сөздөр жана тергөөгө кийлигишпөө максатында отставкага кетип жаткандыгы тууралуу айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты