​Балыкчыга 26 жашар Кудайбергенов мэр болуп шайланды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-майда, Балыкчы шаарына мэр шайлоодо “Замандаш” партиясынын талапкери Марат Кудайбергенов 31 депутаттын 22 добушун алып, мэр болду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Аны менен бирге талапкер болгон “Кыргызстан” фракциясынын Мирбек Шакиров тогуз добуш менен өтпөй калды.

Буга чейин Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг жана көңүл ачуу кызматын башкарган Марат Кудайбергенов 26 жашта.

Марат Кудайбергенов 1993-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 17 жашында “Алыш сервис” компаниясынын баш директору болгон. 2011-2017-жылдары Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн жардамчысы болуп иштеген.

2019-жылдан мамлекеттик №2 Чолпон-Атадагы резиденцияда маркетинг жана көңүл ачуу кызматын башкарган.

Буга чейинки Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетов Каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты