​“КТ Мобайлдын” кызматкерлери канча айлык алышат?

“КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясындагы эң жогорку айлык 157 миң сом.

Бул маалыматты компаниянын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу маалымат жыйында билдирди.

“КТ Мобайл” -“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун алдында түзүлгөн компания. “КТ Мобайл” 2003-жылы лицензия алып, түзүлгөн. Бирок аны ишке киргизүү 2018 жылы гана башталган.

2018-жылдын 3-ноябрында КТМ мобилдик байланыш кызмат көрсөтүү үчүн башка мобилдик оператор менен чогуу иш алып баруу максатында аукцион өткөрүлгөн. Аталган аукционду 345 млн сом сунуштап “Альфа Телеком” ЖАКы («Мегаком») жеңип чыккан. Мындан сырткары “Скай Мобайл” («Билайн») дагы катышкан.

Эмне үчүн “Мегаком” “КТ Мобайлга” контракт түзгонү үчүн төлөшү керек?

Бул суроого “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев жыштыктарынын диапазонун кеңейткени менен түшүндүрдү.

​“КТ Мобайлдын” кызматкерлери канча айлык алышат?

—“Альфа Телефом” абоненттерине кызмат көрсөтүү үчүн “КТ Мобайлдын” жыштыктарын колдонууга укук ала алат. КТМдин абоненттери негизи Альфа Телекомдун абонеттери болуп калат. Анткени, КТМ Альфа Телекомго кирешенин 67%ын берет.

Мындан сырткары, интернетке чыккан маалыматтарда “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары жазылган. Бул тууралуу Эрназар Рысалиев түшүндүрмө берди:

Асмандаган айлык тууралуу маалыматтарды окуп алып күлдүк. Азыр биздеги эң жогорку айлык 157 миң сомду, эң төмөнкү айлык 18 миң сомду түзөт. Орточо айлык акы 35-40 миң сом. Коммуникация рыногунда атаандаштык күч. Аз айлыкка эч ким келбейт. Биз ишти жаңы баштап жаткандыктан башка уюлдук операторлорго салыштырмалуу аз алабыз, -деди ал.

Ал ошондой эле учурда жамаатта болгону 27 киши иштей турганын, алардын көбү долбоорго кызыгып, башка компаниялардан келгенин кошумчалады.

Эрназар Иманкадыр уулу корпоративдик этика деген шылтоо менен өзүнүн айлыгы канча экенин жана компанияда иштегендердин ичинен ким 157 миң сом алары тууралуу суроого жооп берген жок.

Маалымат жыйынды билдирилгендей, компания толугу менен бир жарым жылда ишке киргизилип, өзүн актап, дивидент төлөй баштайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты