​КСДП Райым Матраимовдун видео кайрылуусун комментарийледи

  • 5 лет мурун

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусунда айткандарын комментарийледи.

«Райым Матраимовдун кечээки айткандары, Ак үй оппоненттеринин коомчулуктун көңүлүн Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен анын көп жылдык байланышынан алагды кылуу максатында жасалган кезектеги чагымчыл чабуулу” деди Жолдубаева.

Матраимовдун айткандарында калп көп айтылганынан улам, аны комментарийлөөнүн кереги жок экенин белгиледи.

“Бир видео роликте калп көп айтылган. Анын ичинде Атамбаев менен “мамилеси” тууралуу. Ошондуктан анын айткандарын комментарийлеп кереги жок. Атамбаевдин убагында ал өз көлөкөсүнөн коркуп журчү. Чынында бери дегенде 2011-жылдан бери анын калканчы бир тууган Жээнбековдор болуп келди”.

«Матраимов андан көрө кирешеси тууралуу айтып берсин. Коомчулук анын мүлкүн текшерүүнүн аякташын күтүп жатат” деп белгиледи Жолдубаева.

Райымбек Матраимов 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жолдоп, өзүн элге жаман көрсөтүп, «Райым-миллион» атка кондурганын, эгер жамандаганын токтотпосо, күрөшүугө маалыматы жана күчү жетээрин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты