​Нарын, Ысык-Көлдө жаан жаап, күн күркүрөйт

  • 5 лет мурун

14-18-майда аба ырайы өзгөрүлүп, айрым жерлерде жаан жаашы, күн күркүрөшү күтүлөт.

Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-майда күндүз, 16-17-май күндөрү жана 18-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 15-майда күндүз жана 16-майда кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 4-9 дан 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
18-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты