Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң доллар жана зер буюмдарын тоноп кетишти

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Ички иштер бөлүмүнө А.Д. аттуу жарандан анын 60 миң долларын жана зер буюмдарын 6-майга караган түнү беткапчандар тоноп кеткени тууралуу арыз түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси, тоноочулук беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө жүрүп жаткандыгын Бишкек шаарынын ИИБ билдирди.

Тонолгон жаран белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасы деп ЖМКда жазылууда.

Ага удаалаш Атабеков Инстаграм баракчасына апасы жана карындашы жашаган үй тонолгонун жазды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты