​Элдин нааразылыгынан кийин агасы губернаторлуктан бошотулса, иниси облус прокурору болуп дайындалды

  • 5 лет мурун

Халмурзаев Абдибакыт Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды.

11-майда Халмурзаевди облустук прокуратура жамаатына тааныштырышты.

Абдибакыт Халмурзаев 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген, андан кийин кадрлар карамагына жиберилген.

Жаңы прокурор мурда Баткендин губернатору болуп, 1-апрелде кызматтан алынган Абиш Халмурзаевдин иниси. Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу деп алынганы менен, Абиш Халмурзаев кыргыз-тажик чек арасы боюнча элдин нааразылыгы күчөгөндө бошотулган.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты