Ош: Салыктан качкан ишкерлер (Видео)

«Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: Салыктан качкан ишкерлер» аттуу 17-апрелде жарыялаган иликтөөсү ишкер Жалил Атамбаевдин күмөндүү схемаларынын, көмүскө ишмердигинин бетин ачып, казынага түшпөй жаткан каражаттарды кулак кагыш кылган.

Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй жатканы мына ушундай көмүскө ишмердиктин айынан болуп жаткандыгы мисал тартылган.

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев иликтөө үчүн Ош шаардык сотуна арыз жазып, Ыдырыс Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, анда айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынгандыгы кабарланган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.

Иликтөө коомчулук арасында чоң резонанс туудурган. Журналисттер жана жарандык коом Ыдырыс Исаковду жактап чыккан.

Жалил Атамбаев кийинчерээк сотко берген доо арызын кайтарып алган.

Төмөндө «ПолитКлиника» медиасы аталган иликтөөнү сунуш кылабыз.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Видео: «Азаттык».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты