​Министр Мирзахмедов өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди (Видео)

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине Жалал-Абаддагы нефтебазадагы тилсиз жоо менен кармашкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди.

«Жалал-Абад шаарындагы нефтебазада өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдикти көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундун өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин тайманбастыгы, тилсиз жоо менен алпурушуудагы билгичтиги, кесипкөйлүгүнө байланыштуу болду.

Кечээки Жалал-Абад шаарындагы өрт менен күрөшүү жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, бардыгыбыз тынчсыздануу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн эрктүү аракеттерине күбө болдук десем жаңылышпайм», — деди министр Н.Мирзахмедов.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 182 өрт өчүрүүчү, 12 өрт өчүрүүчү унаа, 2 автошаты, Жалал-Абад шаарынын Жарандык Коргонуунун күч,каражаттары, башка ишканалардан кошумча 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Ушуну менен бирге, министр ири объектилердин өрт коопсуздугу эрежелерин күчөтүлүүсүн белгилеп өттү.

«Албетте, болуп өткөн окуя ушундай ири объектилерде өрт коопсуздугун күчөтүү зарылчылыгын көрсөттү” деди ал. .

Өрттө бир кызматкер да жабыр тарткан.

«Өрттү өчүрүүдө жабыр тарткан кызматкерибиздин ден соолугу чың болушун каалайбыз. Өзүмдүн атыман жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуздар биздин эр жүрөк каармандар!»,- деди министр Мирзахмедов.

Сүрөт жана видео: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты