​Чет өлкөдө кыргызстандык жаранды жумушка орноштуруу агенттигин ким ача алат?

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы талабына ылайык, эми жеке жана юридикалык тараптар кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттик ача алат. Лицензия уставдык капиталдын 85% ы кыргызстандык жаранга таандык болгон юридикалык тарапка берилет.

Бул тууралуу КР Миграция кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттик ачууга канча каражат керек?

Чет өлкөдө кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттик ачуу үчүн атайын депозиттик эсепке 100 миң сом которуш керек. Эмгек мигранты менен келишимдеги милдеттенме аткарылбай калган учурларда карыз ушул каражат эсебинен берилет.

Лицензия үчүн 4 миң сом мамлекеттик пошлина төлөнөт.

Лицензия качан берилет?

Лицензия КР УКМК, ИИМ менен маалыматтар макулдашылгандан кийин бир ай мөөнөт ичинде берилет. Ал бир жылга жарактуу.

Лицензия алуу үчүн Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү, 237 дарегиндеги Миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборуна арыз менен кайрылуу керек.

Суроолор менен бул телефонго чалсаңыз болот: 0312 65 02 57 и 0312 65 02 56

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты