Президент Россия элчиси Удовиченкону кабыл алды

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 40 тан ашуун адам курман болгон Шереметьево аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Ошондой эле эки мамлекеттин элин бириктирген “Өлбөс” полк тууралуу билдирди.

«Кыргызстанда бул мыкты акцияга жыл сайын 10 миңдеген жаран катышат, бул жылы дагы акция өлкөнүн бардык жерлеринде өтөт»,- деп белгиледи Президент.

Президент Жээнбеков жана элчи Удовиченко Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы кайчылаш 2020-жылдагы иш-чараларды ишке ашыруу жана Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити боюнча пикир алмашты.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты