Өкмөт “Манас” жана аймактык аэропорт маселесин талкуулады
- 5 лет мурун
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде «Манас» эл аралык аэропортун жана өлкөнүн аймактык аэропортторун өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн оптималдуу бизнес-моделди иштеп чыгууну тапшырды.
«Биз ылайыктуу бизнес-модель табууга тийишпиз, ал натыйжалуу ишке ашырылып, аэропортту модернизациялоону камсыздап, инвестиция тартуу жолу менен атамекендик жарандык авиацияны өнүктүрөт», – деди Абылгазиев.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү