​Шереметьево авиа кырсыгында жабыркагандардын үчөөнүн абалы оор

  • 5 лет мурун

РИА Новости агенттиги РФ Транспорт министри Евгений Дитрихтин айтканына таянып, авиа кырсыктан жабыркап, ооруканада жаткандардын үчөөнүн абалы оор экенин жазды.

Аталган агенттиктин билдирүүсү боюнча, ооруканада кырсыктаган учак жүргүнчүлөрүнүн арасынан 10 киши ооруканада жатат. Анын бешөө ошол замат, бешөө кийин жаткан.

Sukhoi Superjet 100 учагындагы кырсык 5-майда кечинде болгон. “Аэрофлот” компаниясынын учагы Москвадан Мурманскиге учуп бара жаткан. Учкандан 28 мүнөттөн кийин учак артка, аэропортко кайтууга аргасыз болгон.

Экинчи жолку аракеттен кийин гана конуп, бирок кыймылдаткычы күйүп, жалын арт жагын каптаган.

Кырсыктан 41 киши каза болгон. 37 киши аман калган, анын төртөө экипаж мүчөлөрү. .

Кырсык иликтенип жаткандыгы кабарланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты