​Төрөбаев Жогорку Кеңешке шайлоолор тууралуу мыйзамга өзгөртүү сунуштайт

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Президенттик шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Бул тууралуу парламенттик фракциянын басма сөз кызматы билдирди.

Жакында шайлоолор боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште 2-3 партиянын үстөмдүгүн жоюу үчүн Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүү босогосун шайлоочулардын 9 пайыз добушунан 5 пайызга түшүрүү сунушталууда.

Ошондой эле шайлоодо 3-5 пайыз алган саясий партияларга атайын 5 мандат квота берүү сунушталды.

Аны себеби шайлоочулардын 60-100 миң добушун алган талапкерлер эсепке алынбай калууда деп эсептейт Төрөбаев.

Мыйзам долбоорунда шайлоолордо адинистративдик ресурс колдонууга бөгөт коюу чаралары иштелип чыккан.

Алсак, шайлоо алдында талапкерлерди купуя колдоо максатында калктын айлык акысын жогорулатуу жана башка мамлекеттик жеңилдиктерди берүү, талапкерлерге, шайлоо комиссиясына же шайлоого байланыштуу адамдарга кысым көрсөтүүнү жоюу ж.б. чаралары.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты