Террор уюмунун кыргызстандык согушкери кармалды
- 5 лет мурун
Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) террордук иштерге шектелип издөөдө жүргөн кыргызстандык А.Н. ны кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
А.Н. сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп жүргөн.
Ал эл аралык террор уюмунун башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине жасалма документтер менен кеткен. Ал жактан террордук иш-аракеттерди аткармак.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды.
Сотко чейинки ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган киши УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү