Аида Салянова иниси Уланды эскерди

Мурдагы Баш прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянова киши колдуу болгон бир тууганы Улан Саляновду фейсбук баракчасында эскерди.

“Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44 кө чыкмаксың.

Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең.
Элең… деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм…

Инимди аткан Осмонкулов тоногонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүнө барышканын айткан.

Өлтүрүүдөн бир ай мурун МАИ кызматкери токтотсо «мен своймун, Саляновага каршы көрсөтмө берип жүрөм» деп кылмыш уюштуруучусунун айтканына карабай, саясий заказ жөнүндө материалдардын бир канча жеринде айтылганына карабай, өлтүрүү каракчылык максатта болгон деп ишти сотко бурмалап өткөрүп жиберген Д.Абдыкаров.

Азыр ал жылуу-жумшак кызматта отуруп аткандан кийин, буйрук берген киши табылаарына чоң күмөнүм бар” деп жазды Аида Салянова.

Айта кетсек, Улан Салянов 2017-жылдын 6-ноябрында өз үйүнөн өлтүрүлгөн. Аида Салянова бул өлүмдун саясий себеби бар деп өзүнүн саясий ишмердүулүгүнө байланыштырса, укук коргоо органдары саясий себеби жок, карактоого байланыштуу өлтурүлгөн деп тапкан.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты