​Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 7-майда, дээрлик жарым жылдан кийинки сот отурумдарынан соң, саламаттыгына байланыштуу УКМК мурдагы башчысы Мурат Суталинов эркиндикке чыгып, элден кечирим сурады.

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим кабыл алды.

— Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечирди. Эми канча жашым калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен, соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен,

деди Мурат Суталинов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты