Баңгизат даярдоочу 101 литр суюктук менен кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Ош облус аймагынан облус тургунун жана коңшу мамлекет жаранын баңги заттарын даярдай турган суюктук менен кармашты.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

«Дэу-Нексия» маркасындагы унааны башкарып бара жаткан 1994-ж.т.,Ош облусунун тургуну «Э.у.Р.» жана коңшу мамлекет жараны, 1983-жылы туулган. Н.А. кармалган.

Алар коңшу мамлекеттердин бирине 101 литр уксус кислотасынын ангидриди куюлган желим идиштерди алып бара жатышкан.
Бул баңги заттарын даярдай турган каражат болуп эсептелет. Алар 10-13 литрлик 8 желим идиш менен алып бара жатышкан. 0,5 литр ангидридден 1 кг героин өндүрүлөт.

Бул факт боюнча УКМК Тергөө органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш башталды.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүулөр КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты