​Петербургда кыргызстандык жарандын өлүмүнө шектүү камалды

  • 5 лет мурун

Санкт-Петербургда орус милициясы тарабынан кыргызстандык С.Б. нын өлүмүнө шектүү Россиянын жараны М.М. кармалды.

Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 6-майда кабарлады.

Окуя 3-майда Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск көчөсүндөгү №6 үйдө болгон. Тергөө эки кишинин мамилеси келишпей, андан улам уруш чыкканын аныктаган.

Каза болгон адам кыргызстандык, Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б.болуп чыккан.
Орусиялык жаран М.М. кыргызстандык С.Б. ны уруп, андан улам С.Б. каза болгондугу аныкталган.

Бул факты боюнча Санк-Петербургда РФ Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү кылмышка шектелип Россия тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган.

РФ Башкы маалыматтык-аналитикалык борбордун маалыматы боюнча М.М. мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты