​Президент Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-майда, Президент Жээнбеков Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды жана Конституциялык палатанын судьяларын эртең, 5-майда белгиленүүчү Конституция күнү менен куттуктады.

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбай, туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек, деди Президент.

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын белек кылды.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты