​“Сүйүктүү Бишкегим” конкурсунун баш байгеси - 120 миң сом

Жаңылыктар

Бишкек шаарынын мэриясы1-майдан тартып “Сүйүктүү Бишкегим” аттуу конкурс уюштуруп жатат.

Конкурс 1-октябрга чейин созулат.

Конкурс беш номинацияда өтөт. Алар: “Мыкты короо”, “Мыкты квартал”, “Мыкты башкаруучу”, “Мыкты рай акимчилик”, “Мыкты үй башкармалыгы”.

Бул конкурска аймактык турак- жай комитеттери, үй башкармалыгы,райондук акимчиликтер катыша алат.

1-орун үчүн - 120 миң;

2- орунга - 80 миң;

3-орунга- 50 миң сом байге коюлду.

ЖаңылыктарБишкекмэрияконкурс