​Соцфонд кызматкери 12 миң сом пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы 2-майда Социалдык фонддун Бишкек шаарынвн Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. ны 12 миң сом алып жаткан жеринен кармады.

Арыз жазган киши 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан.

Бирок 2018-жылы декларация толтурган учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган.

Ишкер салык органдарына жана Социалдык фондго айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арыз менен кайрылган.

Ага карабастан К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча талап кылган.

Ал иш Кылмыш — жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган киши УКМК убактылуу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты