​Таштанды жайлардын санариптик картасын түзүү сунушталууда

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экология жана урбанистика маселесин талкуулоо максатында жарандык активисттер менен жолугушканда таштанды жайларынын санаприптик картасын түзүү сунушу айтылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кымсыздоо кызматы кабарлады.

«Эко Деми» коомдук фондунан Айжан Чыныбаева жаштарды экологиялык тарбиялоого, бул жааттагы ишти жакшыртууга көңүл буруу зарыл экенин айтты.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге таштанды жайларынын санариптик картасын түзүү зарылдыгы болуп саналат» деди Айжан Чыныбаева.

Экологдор жана «Эко Деми», «Арча демилгеси», «Велосообщество», «Прима» коомдук фонддору сунуштарын айтышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологдорго жана жарандык активисттерге ыраазылык билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты