​Cогуш ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүлдү

  • 5 лет мурун

9-май, Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине бир жолку жөлөкпу, 20 миң сом төлөнүп берилет. Президенттин резервдик фондунан 7  млн 91 миң сом бөлүндү.

Бул тууралуу жарлыкка Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, кол койду.

Бир жолку акчалай жөлөк пул Ата Мекендик согуш майыптарына, катышуучуларына; концлагерь, гетто жана ж.б. жайларынын туткундарына, Ленинград блокадачыларына, курчоо учурунда иштегендерге берилет.

2019-жылдын 20-апрелине карата Кыргызстанда согуштун 350 ардагери жашайт.

2010-жылдын 1-январынан баштап Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет, анын өлчөмү бир айга 7000 сом.

2010-жылдын 1-январынан баштап согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою айына 10 миң сом стипендия берилет.

Согуш ардагерлерине Өкмөт жылына 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөйт.

Жеңиш күнүнө Бишкек мэриясы 2019-жылы согуш ардагерлерине бир жолку 15000 сом жөлөкпул берет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты