​Текебаев менен Чотоновдун сотунда соттор тыныгууга кирип кетти

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-майда, Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда.

Адвокаттар гуманизация алкагында маселени ийне-жибине чейин биринчи инстанцияда карап чыккыла деди.

Жактоочу Тимур Султанов жаңы жагдайлар боюнча сот иши кайра каралып, иш биринчи инстанцияга кайра кайтарылышы керектигин билдирди.

Жактоочу Жамгырбеков буга чейин чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо керек экенин айтты.

Прокурор ал дооматтарга макул эместигин билдирди. Иш шаардык сотто да каралганын билдирди. Жаңы жагдайларга байланыштуу прокурор баш тартууну билдирди.

Соттор тыныгууга чыкканда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов прокурордун айтканы баштан-аяк туура эмес экенин билдирди

—Текебаевдин участогу ал мугалим болуп жүргөн учурунда алынган.

Конфискация болуучу мүлк кылмыштуу жол менен табылышы керек. Жөн эле алып кое албайт.

Прокурор ойду-тоону айтып жатат. Прокурор көзү жетип турса да, прокуратуранын мурунку позициясынан чыга албай жатат.

Адвокаттар гуманизация алкагында маселени ийне-жибине чейин биринчи инстанцияда карап чыккыла деп айтты, — деди Шыкмаматов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты