​Балдарга жасалган зомбулукка көңүл буруу сунушталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, депутат Айнуру Алтыбаева балдарга, аялдарга карата зомбулук маселесине Өкмөттөн көңүл бурууну өтүндү.

Жакында эле таякеси 8 жашар жээнин тарбиялайм деп машинага сүйрөткөн фактыны айтып, жалпы эле бул боюнча маселеге токтолду:

—Прокуратуранын маалыматы боюнча 2018-жылы балдарга, үй-бүлөдө, аялдарга 9 миң зомбулук фактысы катталган,-деди депутат.

Алтыбаеванын айтуусунда 2018-жылы балдарды, уруп-сабаган 136 факты болсо, 13 бала каза тапкан, аялдарга карата 6,5 миң зомбулук катталган, анын 65 и каза тапкан.

Депутат балдарга, аялдарга карата зомбулук маселесин талкуулоо үчүн атайын өкмөттүк саатты белгилеп, бул маселеге олуттуу көңүл буруу керек экенин билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты