Казакстан: Митинг учурунда ондогон кишилер кармалды (видео)

  • 5 лет мурун

1-майда Нур-Султан жана Алматыда Казакстан президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого каршы нааразылык акциялары өттү. Полиция жүрүшкө чыккан оппозициянын ондогон өкүлдөрүн кармап кетти.

Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Нур-Султанда онго чукул киши бошотулду.

Оппозиция өкүлдөрү кармалгандардын баары бошотулбаса, акцияны жыйынтыктабай турганын жарыялашты.

«Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, атайын бөлүктүн аскерлери кармалгандардын айрымдарын союл менен урган учурлар болду.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн прокуратура өкүлү акциянын мыйзамсыз экенин айтып, элди тарап кетүүгө чакырды.

Кийинчерээк полиция кармалгандардын баарын бошоткону кабарланды.

1-майдагы Алматы менен Нур-Султандагы митингдер жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө башталган. Эки шаарда тең митингге кеминде жүздөн киши келишти.

Алар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Буга чейин чет мамлекетте жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов тарапкерлерин 1-майда тынчтык акциясына чыгып, президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 8 талапкер катыша турган болууда. Арасында утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да бар.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты