​Парламентте Чоң-Алайдын арманы айтылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында, өкмөттүк саатта депутаттар Чоң-Алайдынтургундарынын арманын айтышты.

Депутат Рыскелди Момбеков Чоң-Алайдын Ачык-Суу айылында таза суу жагынан көйгөй жаралып жатканын билдирди.

—Ачык-Суу деген аталышы болгону менен бул айыл таза сууга муктаж болуп жатат. Сарык оорусу менен жабыркоо боюнча бул айылдагылар сап башында турат, — деди Момбеков.

Чоң-Алайга 17 млн $ бөлүндү дегени менен ал Бишкектен кетпей, Чоң-Алайга жетпей жатканын айтты.

Момбеков ошондой эле ал жактагы Дүйшөндүн мектебиндей болгон мектептер да бар экенин, Билим берүү министрин ошол жакка жөнөтүп, ал-абал менен таанышып келүүнү тапшырды.

Депутат Жанар Акаев да Чоң-Алайдагы элдин көйгөйүнө буруу боюнча Рыскелди Момбеков айткан маселеге кошумча пикирин билдирди.

Биринчи, Карамык чек арасынын аймагы тарып бараткандыгы тууралуу сөз жүрүп жаткандыгы, бул боюнча эл арасына барып, маалымат берүүнү суранды.

Экинчиден, Кайдзу кытайлык компаниянын иши боюнча да элде маалымат жок экенин айтты.

—Бул Кайзду компаниясы кандай иштеп жатат, социалдык пакеттерди кандай төлөп жатат, бул боюнча да элде маалымат жок , -деди депутат.

Үчүнчүдөн, Кашка-Суу айылында 10 жыл мурун башталган мектептин курулушу эмдигиче бүтпөй турганын белгиледи Акаев.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков Чоң-Алайдагы газ кууру боюнча маселени көтөрдү.

—Бул маселени кайра караш керек. Аренда деген ким арендага жерди алса, ошол убакта анын менчиги деген болот. Кийин Чоң-Алайдын тургундарынын көйгөйү жаралбаса болду, -деди Турсунбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты