Матраимовдордун иш-чарасына кимдер жана эмнеге барган?

  • 5 лет мурун

Эл ичинде “Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райым Матраимов жана анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөргөн иш-чарасы жана ага барган депутаттар менен аткаминерлер социалдык тармакта кызуу талкууга алынып жатат. Депутаттар четинен эмнеге барганын айта башташты.

Бир туугандар, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жана ЖК депутаты Искендер Матраимов атасынын элесине арнап, байгесине бир миллион сом коюлган спорттук турнир өткөргөндүгү жана ага жапатырмак катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары менен аткаминерлер соцтармакта кызуу сынга алынууда.

Мамлекетте талылуу маселелер чечилбей турса, жапатырмак Кара-Сууга аттангандарга коомчулук нааразы болууда.

Ал иш-чарага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Жанар Акаев, Руслан Казакбаев, Канат Исаев, Азамат Арапбаев, Тынчтык Шайназаров, Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, Алмазбек Батырбеков, Бакыт Жетигенов, Тазабек Икрамов, Улан Примов, мурдагы мэр Нариман Түлеев, мурдагы спикер Акматбек Келдибеков ж.б. барышкан.

Матраимовдордун түштүк аймакта эң таасирдүү жана бардар адамдар экендиги, жогорку бийликке таасири тууралуу да эл арасында катуу сындалып келет.

Коррупцияга каршы күрөштө Раим Матраимовдун кол тийгис экендиги тууралуу да сындар жүрүүдө.

Ал эми ал иш-чарага бараарын барып алып, абдан ыңгайсыз абалда калганын депутат Жанар Акаев жазды:

«Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш-чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш-чара уюштуруп, беш миндей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык» деди Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты