Биринчи май майрамы

  • 5 лет мурун

Биринчи май майрамы тууралуу социалдык булактарда, анын ичинде фейсбук баракчасында, эмне деп жазылууда?

Парад…

Аскер Сакыбаева

… Бешинчи класста окусам керек. 1-май күнү физкультура мугалими Курманкалый агай «парадга басасыңар» деп калды. Мектеп менен колхоздун контору бир көчөдө. Чурулдаган бир-эки класстын окуучулары агайдын айтуусу менен тизилип, шар, желектерди көтөрүп алып чоң көчөгө парадга чыктык.

Улам бир жерге токтоп «колхозчуларга даңк!» деп кыйкырып коебуз. Контордон ары өткөндөн кийин эле биздин колхоздун кадырлуу колхозчулары Кыдыргыч, Мукамбет акелердин үйү катар тураар эле.

Алардын эшигинин алдына келгенде кыргыз тил адабияттан окуткан, согушка катышып келген Акматаалы агайыбыз: «Мукамбетке даңк! деп кыйкыргыла» деп калды. «Мукамбетке даңк!» деп кыйкырдык эки-үч жолу.

Андан аркы үйдүн алдында «Кыдыргычка даңк!» деп бир топ кыйкырып эшик алдында турдук… Ушу кезге чейин ойлойм, биз чын эле аларды даңктап кыйкырдык беле же тамашакөй агайларыбыздын куралы болдук беле?..-деп жазды Аскер Сакыбаева.


Чыныгы майрамды ордуна койбойлубу?

Күнболот Момоконов

1-май кичинебизде укмуш майрам болчу. Таң атканча уктабай, жаны кийимди жазданып чыгып, эртеси кийинип алып эдирендеп жолго чыкчыбыз.

1 рубль берсе берекеси ашып, каалаганды алып жеп, оюн — зоок көрүп майрамдын мааниси бар эле.

Азыр майрамдын деле кадыры жок. Ар кайсы кызматка жагынып майрам кыла берип, мындай жалпы майрамдар мааниден кетип, ар ким өзүнүн майрамын күтүп калды.

Эмне деген гана майрам жок. Мугалимдер, медиктер, соттор, балдар, чалдар, энергетиктер, геологдор, айдоочулар, майлоочулар, айтор баш айланат. Менимче дал ушулардын баары бир эле— 1-май эмгекчилердин күну деп майрамдаса туура болмок…

Биринчи май

Айгүл Бакеева

…Чыт көйнөктү айылдык кыздарга жылына бир жолу, 1-май күнү, гана сатып берүү өзүнчө салт белем, таң эрте ар бир үйдөн кыздар жаңы көйнөк кийип чубап чыгып калышчу.

…Көчө көк чөп, сирень гүлү жыттанат. Адатта сирендин гүлү төрт желекче ачат. Бирок арасынан сейрек болсо да, беш-алты желекче болуп калгандары кездешет. Беш-алты желекче болгонун көп гүлдөр арасынан атайы издейбиз. Беш-алты желекче гүлүн тапсак, “Мына, мен таптым, карагылачы, бактылуу болот экенмин!” деп жар салчу элек.

Бирок андагы шарт боюнча сирень гүлүнүн беш-алты желекчесин таап алуу аздык кылат, бактылуу болуш үчүн тапкан сирендин сейрек желекчесин жеп жибериш шарт эле. Бактылуу болуунун бул эрежесин ким ойлоп тапканын, биринчи болуп аны ким айтканын деле билбейбиз, айтор бактылуу болуунун ушул шартын бек карманчубуз…

Биринчи май майрамыңыздар менен!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты