​Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы

2014-2020-жылга Коопсуздук кеңеште КР дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, дин таануу жана диний билимдин сапатын жогорулатуу максаттары коюлган. Аны утурлай диний окуу жайларды реформалоо боюнча кандай иш аткарылып атканы, жетишкендиктер жана тоскоолдуктар Булан институту тарабынан уюштурулган маалымат жыйында талкууланды.

Реформаны активдүү ишке ашыруу 2014-жылы башталган. 2015-жылы жогорудагы концепцияны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн планы бекитилген. Диний билим тармагын реформалоо аталган пландын негизги багыты болгон. Концепциянын негизинде кандай иштер алып барып жаткандыгы жөнүндө Дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаевдин айтымында Кыргызстанда светтик билим берүү менен диний билим берүүнү айкалыштырган теологиялык факультеттерде студенттер билим алып жатышат. Бирок, диний билим берүү өзүнчө бөлүнгөн эмес.

Билим берүү академиясынын лаборатия башчысы Марат Иманкулов медреселерден бүткөн балдардын андан ары билимин улантып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептейт:

Советтик доордо атеисттик өлкө болгондуктан, диний билим чектелген. Бир дагы диний билим беруучү жай болгон эмес. Эгемендүүлүктү алгандан кийин диний окуу жайлар, мекемелер ачыла баштаган. Мына ошол мезгилдүү мектептерде дин жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги жана бул тармакта тиешелүү адистердин жоктугунунан көптөгөн көйгөйлөр дагы пайда болду.

Учурда медреселер, институттар, университеттер бар. Карап көргөндө аларда окутулган програмаммаларда бири биринен баскычтуу эч нерсе жок болуп жатат да. Ошолордун атайын концепциясы керек. Өкмөт болсо структураны белгилеп жатат. Медресе эмнени окутат, медресени бүткөндөн кийин ал эмнеге жетишетдДеген суроолор бар. Мисалы, мектепти бүткөндөр кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк бар.

Медресени бүткөн бала сөзсүз түрдө молдо болот деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Ошондуктан ал балдардын дагы башкалар сыяктуу билим алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Гүлназ Исаева диний билим алуу боюнча атайын жобо тууралуу айтып берди:

2016-жылы дин тануу жана диний билим берүү боюнча реформалоо концепциясы иштелип чыккан. Жер -жерлерде коомдук талкуудан дагы өткөн. Өзүңүздөр жакшы билгендей, диний чөйрөдө мамлекеттин саясатынын концепциясы бар. Ошол концепциясынын багытынын бирөө дин таануу жана диний билим берүү тармагын реформалоо багыты аныкталган.

Ошондуткан диний билим берүүнүн дагы деле болсо стратегиясы кандай кабыл алынат, системасы, талаптары кандай болот, кандай укуктук милдеттер коюлат, ким көзөмөлгө алат деген суроолор үчүн атайын жобо иштелип чыкты.

Атайын жумушчу топ иштеп чыкты. Ал 14 бөлүмдөн турат. Ага ылайык диний билим-КР мыйзамдарында берилген тартипте катталган белгилүү бир диний уюм түзгөн диний окуу жай тарабынан дин кызматкерлерин дайындоо деген аныктама берилди. Диний окуу жайды диний уюм түзө алат. Дин иштери боюнча комиссиядан эсептик каттоодон өткөндөн кийин атайын күбөлүк берилет.

Андан кийин ишин жүргүзүүгө уруксат алат. Диний окуу жайлар төмөндөгүдөй топторго бөлүндү: Орто диний окуу жай, Жогорку диний окуу жай, атайын диний курстар. Орто диний окуу жайларда 9-классты бүтүп келген балдар окуй алышат.

Жогорку диний окуу жайлар 11-классты бүтүп келгендер окуй алышат. Кандай талап болуп жатат? Албетте, атайын окуу программасы болушу керек. Орто диний окуу жыйларга: Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Диндердин тарыхы, Кыргыз тили жана Кыргыз Адабияты деген сабактар сунушталды. Ал эми жогорку окуу жайларга: Кыргызстан тарыхы, Жаран тануу, Дин тануу, Кыргыз тили, Орус тили, Чет тили, Психология жана педагогика, Дүйнө тарыхы, Маалыматтык технологиялар деген сабактар сунушталды.

Экс-министр, профессор Каныбек Осмоналиев диний билим берүүдө билим берүү министрлигинин пассивдүүлүгүнө нааразылыгын билдирди:


​Диний билим: реформалоо максаттары жана  аткарылышы


Бул тармактагы бардык “дарттар” биздин билим берүү министрлигинин пассивдүүлүгүнөн пайда болуп жатат.

Мени президентик аппараттын башчысы чакырып эки саат билим берүү системасы жөнүндө сүйлөштүк. Мен ошол жерде диний билим берүү маселесин айтып жаттым.

Алар деле бул тармак боюнча даяр болуп, башкача айтканда “бышып калышыптыр”. Менин бир гана каалоом реформаны ишке ашырууга катуу аракет кыла бериңиздер. Ушул билим берүү министрлигинде тогуз ай минстр болдум, байкашымча андан бери диний билим берүү боюнча позициясы андан бери аябай төмөндөп кетиптир.

Себеби, көп нерсени алар чечет, сиздер айтып жаткан көптөгөн көйгөйлөр билим берүү министрлигине барып такалып жатат. Депутат болуп турган кезимде диний билим берүү боюнча мыйзамды сунуштаганда кабыл албай коюшкан.

Ошондо чоң стратегиялык ката кетирген экенмин. Депутаттардын атынан эмес, өкмөттү демилгечи кылып койсок болмок экен. Өкмөт дин комиссиясына тапшырмак, билим берүү министрлиги кааласа-каалабаса да чогуу иштешүүгө мажбур болмок. Бул деле алдыда жасала турчу нерселер.

Кыргызстанда Ислам багытындагы 112 диний окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Алар Кыргызстан Ислам университети, Расул Акрам университети, Азирети Осмон Ислам институту, Нур аль-Ислам институту, ж.б. Бирок, учурда бир гана Ислам университети жана теологиялык факультеттер гана лицензия алышкан. Реформа аркылуу диний билим алууга умтулган жарандардын мыйзамдуу негизде билимин улантып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет.

Конференция ошондой эле медреселердин, колледждердин өкүлдөрү келип, светтик сабактар менен диний сабактарды интеграциялоо боюнча тажрыйбалары жөнүндө да айтып беришти.

Сүрөт ПолитКлиниканыкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты