​Сириядан террордук даярдыктан өтүп келген кыргыз жараны кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук комитети эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн 23-апрелде кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалган киши Кыргызстандын жараны А.А.И. болуп чыккан.

А.А.И. 2014-жылы «куралчан жихадга» кошулуу максатында Сириядан араб инструкторлорунан диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышкан. Эл аралык террордук уюмдун лагерлеринде жалданган аскерлерди даярдоодо машыктыруучу болгон.

Террордук уюм башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террордук уюм түзүү тапшырмасын аткарыш үчүн Кыргызстанга кайтып келген.

УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Кармалган киши жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды.

Ал УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты