СССРдин эл артисти Элина Быстрицкая каза болду

  • 5 лет мурун

26-апрелде 92 жаш курагында СССРдин эл артисти, легендарлуу Элина Быстрицкая Москва шаарында кайтыш болду.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кичи театрдын директору Тамара Михайлова кабарлаганын билдирди.

Элина Быстрицкая 1928-жылы 4-апрелде Киевде туулган. Быстрицкая театрда жана кинодо бир катар көрүнүктүү ролдорду ойногон.

Ал «Тынч күндөрдө» фильминде Лена Алексеенконун, «Бүтпөгөн повестте» Елизавета Максимовнанын, «Ыктыярчыларда» Лёлянын ролун аткарган. Айрыкча Сергей Герасимовдун «Тынч Дон» фильминде Аксиньянын ролун аткаргандан кийин анын аты чыккан.

Легендарлуу актриса Элина Быстрицкая 29-апрелде жерге берилээри айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты