Трансферт алган айылдар. Кочкор кайра эле бул тизмеге кирип калды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» Өкмөттүн токтомуна бүгүн, 26-апрелде, кол койду.

Документте 5 жылдык мөөнөттө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен ишкер субъекттер салыктан бошотулары айтылды.

Салыктын төрт түрү боюнча:

1. Сатуу салыгынан;

2. Киреше салыгынан;

3. Жер салыгынан;

4. Өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотулат.

Бул республиканын аймактарында жана калктуу конуштарында экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү өбөлгөлөөгө багытталган.

Кайсылар преференциялык конуштарга кирет?

Республикалык бюджеттен социалдык-экономикалык абалды туруктуу кармоо максатында теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алган айылдык аймактар:

Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды аныкталган.

Төмөндөгү багыттар боюнча:

— жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

— электр энергетикасы;

— айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

— жыйым өндүрүшү;

— ар кыл экспортко багытталган өндүрүш.

Преференциалдык калктуу конушта ишмердик жүргүзүү тууралуу инвестициялык келишимдин шарттарынын бири – инвестор 5 жылдын ичинде жумуш орундарын түзөт, келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө өндүрүштү инвестиция менен камсыз кылат.

Республика боюнча айыл аймактарынын жалпы санынын 82,5% дотациялык болуп саналат.

Кечээ, 25-апрелде, депутат Мирлан Жээнчороев жогорудагы трансферт алган айылдардын катарына Кочкор да кирип калганын, ал дотациялуу эмес экендигин, Премьер-министр туулган айыл деп Өкмөттүн аппараты кошуп койгонун парламентте сындап чыккан. Бирок андай айылдардын тизмесинен Кочкор алынган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты