​Уранга каршы митинг: Равшан Жээнбековго неге сөз берилген жок?

Бүгүн, 26-апрель күнү,Бишкекте уранды иштетүүгө каршы мыйзамды кабыл алууну талап кылган митинг өттү. Аталган митингге коомчулук өкүлдөрү, саясатчы Равшан Жээнбеков, депутат Алмамбет Шыкмаматов, укук коргоочулар Калича Умуралиева, Рита Карасартова жана экс-элчи Кылычбек Султан ж.б. катышты.

Митингдин аягында Равшан Жээнбеков сөз сүйлөгүсү келгенде модератор ага микрофон берген жок.

Равшан Жээнбеков эмнени айткысы келген?

Жээнбеков Өкмөт бул маселени убактылуу гана жаап жаткандыгын айткысы келгендигин билдирди:

Негедир жаш жигиттер сөз беришкен жок. Биз кимге сөз берилип кимге берилбесин түшүнгөн жокпуз. Мен болгону түшүндүрүп эле коеюн дегем. Бул жерде маанилүү бир маселе бар. Азыр Өкмөт бул маселени чече албайт. Өкмөт чече турган маселе мындан ары сотко барат. Учурда Өкмөт бул меселени “чечтим” деп жатса биз ага ишенбешибиз керек. Анткени, мындан кийинки маселенин бардыгы Өкмөттө эмес, сот аркылуу чечилет. Аталган компания оңою менен кетип калбайт. Сөзсүз түрдө эл аралык сотко кайрылат. Ал сотто Өкмөттүн позициясы кандай болоорун эл билиши керек.

Ушул сөздү айтууга мага жол беришкен жок, — деп айтты Равшан Жээнбеков.


«Мыйзамды кабыл алуунун өз процедурасы бар»

Ошондой эле эл адына чыгып сүйлөй албай калган депутат Алмамбет Шыкмаматов эл менен катуу талкууга кирди. Ал элдин “уран казууга тыюу салган мыйзамды колдойсузбу” деген суроосуна жооп берди:

Аталган мыйзамды Алтынбек Сулайманов менен чогуу иштеп чыктык. Ал азыр коомдук талкууга чыгарылды. Ал эми Кызыл-Омполдогу уран казууну токтотуп калган эл болду. Ал эми мыйзамды кабыл алуунун процедурасы бар. Азыр канча мөөнөткө тыюу салынаары белгисиз. Балким, 50 жыл же 100 жыл. Таптакыр тыюу салып кое албайбыз. Анткени, кийинки муун өзү чечиши керек, уранды иштетеби же жокпу. Эгерде уранды иштеткилери келбесе, анда меморандумду узартып кете беришет,-деди Шыкмаматов.

Саясатчыларга сөз берилбегенинин себеби

«Аталга митингге модератор болгон активист Улан Үсөйүн эмне үчүн саясатчыларга сөз берилбегенин түшүндүрдү:

—Биз алдын- ала жарыялаганбыз “Эки эле адам калды. Убакыт чектелүү” деп. Ошону уккандан кийин тизмеде жок экендигине карабай келип “Мен сүйлөшүм керек. Эмнеге сөз бербейсинер?” деп микрофонду жулуп алганын баарыңар көрдүңөр. Модератор болгондон кийин мен дагы регламентти сакташым керек болчу, -дет Улан Үсөйүн.

«Лицензия берүүдө мыйзам бузулган»

Калича Умуралиева ЮР-Азия компаниясына лицензия берүүдө мыйзам бузуу болгондугун айтты:

Чалгындоо иштеринин ордуна уранды казып алган компанияны жоопкеряиликке тартуу керек. Эгерде азыр биздин бийлик мыйзамдын негизинде иш алып барбай турган болсон биз сотко кайрылабыз. Мамлекет элди алдаганды токтотуусу керек. Ыссык-Көл өзгөчө корголуучу аймак болгондуктан анын аймагында экологияга зыян келтирүүчү казууларды жүргүзүүгө тыюу салынган. Ошол мыйзамды бузуп жатышат, -деди Умуралиева. .

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты