​Боронов: “Уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды”

  • 5 лет мурун

Тоң районунун тургундары менен жолугушууда ,биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынганын айтты.

—Уран кенин иштетүү толук жабылды. Лицензияны кайтарып алдык, -деп Боронов бүгүн расмий билдирди.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөгөн. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты